Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Палестин лидери бүгүн Парижге жеткирилди


Жетимиш беш жаштагы Ясир Арафатты бу жердеги аскери ооруканалардын бирине жаткырылды. Аны бүгүн Раммаладан Иорданияга жөнөтүшүп,андан соң Парижге алып келишти. Автономиянын премьер-министри Ахмед Куреи палестиналыктар Арафат куландан соо болуп айыгып келерине, көз карандысыз мамлекет түзүүдө өз элине жетекчилик кыла берерине үмүткөр экенин билдирди. Арафаттын башкы кеңешчиси Набил Абу Рудейн автономияда мурдагыдай эле мыйзам жана тартип сакталат, төрага жетекчиликтин мүчөлөрүнө, анын ичинде премьер Куреиге толук ишенет деп ырастады.

XS
SM
MD
LG