Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ТАЭКВАНДОДОН ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА КЫРГЫЗСТАНДЫК ҮЧ ЖИГИТ 11 МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ


Түндүк Кореянын борбору Дэджон шаарында өткөрүлгөн эл аралык таэквондо федерациясынын дүйнөлүк чемпионатында кыргызстандык үч жигит 11 медаль жеңип, өлкөнү эл аралык аренада тааныты.

Дүйнөлүк аренага таанылган корей элинин таэквондо күрөшүнүн эки федерациясы, эки багыты бар. Бири Түштүк Корея өлкөсүнүн демилгеси менен олимпиадалык оюндардын түрү катары Cиднейде кабыл алынган Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын багыты болсо, ал эми Түндүк Кореяда негизделген Эл аралык таэквондо федерациясынын багыты жоокердик өнөрдүн түрү катары таанылган. Бул таэквондо күрөшү боюнча да дүйнө чемпионаты 13 жылдан бери өткөрүлүп, өрүшү кеңейип келатат. Ал эми Кыргызстандын командасы 1998-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн 8-дүйнө чемпионатында жалпы командалык биринчи орунду ээлеп,спорт адистеринин көңүлүн бурган.

Быйылкы 13-дүйнөлүк чемпионат жана жаштар арасында 7-дүйнө биринчилиги алгач ирет Түндүк Корея өлкөсүнүн Дэджон шаарында өткөрүлдү. Мында АКШ, Аргентина, Бразилия, Голландия, Улуу Британия баштаган 32 мамлекеттин 500дөн ашуун спортчулары күч сынашты. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу Кыргызстандан үч жигит барып, өлкөнүн намысын коргоду. Бул жигиттерди дүйнөлүк таймашууга даярдап, баштап барган өлкөнүн таэквандо ITF федерациясынын президенти, медицина илимдеринин кандидаты Олег Лим мындай деди:

- Бул чемпионатта жаштарды сынап көрүүнү максат кылып, 17 жаштагы Азия чемпиону, сокулуктук окуучу Николай Кирпаны жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү, тажрыйбалуу спорт чеберлери Антон Лим менен Сергей Фаустовду алып бардым. Жаштыгы жана курчтугу менен 70 кг. салмакта Николай Кирпа Аргентина, Италия, Ирландия, Жапания, Улуу Британия жана башка 9 өлкөнүн өкүлдөрүн жеңип, жеке жана командалык таймашта 3 алтын, 2 коло байгелүү болду. Ал эми 54 кг. салмакта өлкөнүн намысын коргогон эл аралык спорт чебери, Азия чемпиону Антон Лим 2 алтын, бир күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Кыргыз-Славян университетинин студенти, Азия жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүсү Сергей Фаустов 80 кг. салмакта жеке жана командалык күч сынашууларда 2 алтын, бир коло байгенин ээси болду. Ошентип, менин шакирттерим Кыргызстанга 7 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утуп, эл аралык аренада өлкөнү таанытты.

Өткөн жылы Грекия өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатында да кыргызстандык Антон Лим менен Сергей Фаустовдун чеберчилиги бааланып, күмүш жана коло байгелүү болушкан.

Ал эми быйылкы Түштүк Кореяда өткөн дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын командасы толук курамы менен катышканда командалык баш байгени алууга талапкер болоорун таэквондо адистери айтышты. Командасынын курамы 80 спортчудан турган Аргентина өлкөсү командалык биринчиликти ээледи. Экинчи орун АКШнын командасына, үчүнчү орун Улуу Британия өлкөсүнө ыйгарылды. Тилекке каршы, бул 13-дүйнөлүк чемпионатка Түндүк Кореянын күчтүү командасы катышкан жок.

Эмдиги жылкы дүйнөлүк чемпионаты өткөрүү демилгесин Австралия өлкөсү колго алмак болду.

Таэквондонун ITF түрү боюнча өлкөнүн федерациясынын президенти Олег Лим бул спорт тармагынын көйгөйлөрү тууралуу буларды айтып берди:

- Кыргызстанда 3 миңден ашуун жаштар таэквондонун ушул багыты менен машыгат.Баткенде гана облустук федерация түзүлө элек. Алатоонун бардык аймагында секциялар иштеп жатканы менен каражаттын тартыштыгы кендирди кесүүдө. Ал түгүл Кореядагы дүйнө чемпионатынан жеңиш менен олжолуу келсек, Кыргыз спорткомитетинин жетекчилери куттуктап койгонго да жараган жок. Ал эми Австралияда эмки жылы өтчү дүйнөлүк чемпионатка бараар- барбасыбыз арсар. Спорттун бардык түрүнө ар жыл сайын каражат бөлгөнү менен биздин таэквандонун ITF түрүнө өкмөт бир тыйын да каражат бербей өгөйлөп келатат .

Бул жолку дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын таэквандо боюнча чакан делегациясына «Ата» кондиктердик фабрикасы менен өлкөдөгү корей улуттук ассоциациясынын президенти Роман Шин демөөрчү болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG