Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

БӨЛҮНГӨН ЖАЗУУЧУЛАР КАЙРА БИРИГЕБИ?


Эки-үч союзга бөлүнүп кеткен жазуучуларды кайрадан бир союзга бириктирүү идеясы жазуучулардын өзүнөн эмес, Акүйдөгү бийлик тарабынан көтөрүлүүдө.

Эркиндик келгени 2-3 топко бөлүнүп кеткен кыргыз жазуучуларын кайрадан бир топко бириктирүү аракеттери башталды. Мамлекеттик катчы Осмонакул Ибраимов жакында айрым калемгерлерди топтоп, жыйын өткөрүп да кетти. Биз айрым жазуучуларга жолугуп, ушул боюнча пикирин сурадык. «Байчечекей» журналынын башкы редактору, белгилүү акын Токтосун Самүдүновдун ою төмөнкүдой:

- Мен эркин союзда болчумун. Жазуучу арабасын өзү айдап жибериши керек экен. Жакшы жазса кадыр, жаман жазса зыяны өзүнө келе турган нерсе экен. Ошон үчүн союзду кайрадан топтоштуруп, атын коюп дегендей, улуттук кыла турган болсо келечеги жакшы болууга тийиш. Жалпы кыргыз маданиятынын тагдырын ойлой турган болсок жалпы иштин кызыкчылыгын ойлогон ишти жасашыбыз керек, - деди акын Токтосун Самүдүнов.

Бишкекте чыгармачыл жаштардын башын бириктирип иштеп келе жаткан «Нур борбор» аттуу жападан жалгыз уюм бар. Биз ушул борбордун пикирин да уктук:

- Эсеналиев Жаныбек «Нур борбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин төрагасы болом. Бөлүнгөндөн өткөн жаман нерсе жок болуш керек. «Нур борбор» жазуучулар биримдигине макулбуз. Болгону биримдик саясий, же жеке кызыкчылыктан артына жашынбаса. Эң негизгиси руханий көрөнгөнү, биримдикти көздөгөн, чыныгы чыгармачылыкка басым жасалган биримдик болсо биз чын дилибизден макулбуз.

- Анатай агай, өткөндө жазуучулар союзунда мамлекеттик катчы атайын келип жыйын өткөрүп кеткен экен. Бөлүнүп кеткен жазуучуларды кайра бир союзга бириктирсекби деген ойлор айтылды дейт. 13-14 жылдан бери жүзүн бурбаган бийлик күтүлбөгөн жерден эле жазуучуларга жүзүн буруп, жазуучулар менен сүйлөшүп калганы кандай?

- Бул абдан табышмактуу. 14 жылдан бери жазуучулар ээси жок күчүктөй болуп көчөдө калган. Булардын бириктиребиз дегендин мааниси депуттатык, анан президенттик шайлоого байланыштуу го деп ойлойм. Себеби биз өнөр адамына, өнөрсүз, маданиятсыз эл болбойт, маданиятты өнүктүрүп атабыз деп элге айтыш үчүн жасап атат го деп ойлойм. Дүйнө жүзүндө маданият министрлиги жок эл, республика, өлкө жок. Бизде гана ушундай. Маданияты жок, жаштар союзу тараган, сүрөтчүлөр, композиторлор андан бешбетер. Ушундай абалга алып келип алып, эми ойлонуп атышат. Шайлоонун астында эптеп бир нерсени жумпалап жатышат, - деди акын Анатай Өмүрканов.

XS
SM
MD
LG