ТАЛАС. Кыргызстан эгемендик алганга чейин кыргыз улутунан чыккан эң биринчи кадрдык генерал-полковник Мырзакан Субановдун ысмы ал өзү убагында билим алган Талас шаарындагы мурдагы ДОСААФ, азыркы автомектепке ыйгарылды. Бул окуяга арналган салтанат 30-октябрь күнү Талас шаарында өтүп, ага коомчулуктун өкүлдөрү, убагында Мырзакан Субановго билим, тарбия беришкен ардагерлер катышышты. Кыргыз Республикасынын спорттук техникалык коргоо уюмунун жетекчиси, генерал-майор Анарбек Кошонов Мырзакан Субановдун СССРдин куралдуу күчтөрүндө жана Кыргызстан эгемендик алганда алты жыл республиканын Коргоо министри болуп эмгектенип, кыргыз армиясын кадрдык, аскердик-техникалык жактан түптөөгө кошкон салымдары жөнүндө баяндама жасады. Окуу жайга генералдын наамындагы белек тапшырылды.