Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Палестинаны азаттыкка чыгаруу уюму Арафатсыз жыйынын өткөрдү


Палестин лидери Ясир Арафатты дарылап жаткан Франциялык догдурлар анын каны бир нече күн бою текшерилерин маалымдашты. 75 жаштагы палестин жолбашчысы кечээ Париждин чет жагындагы ооруканага жеткирилген, ал ак кандан жабыр тартышы мүмкүн деген жоромол бар. Арафат Израил тарабынан Рамалладагы кеңсесинде үй камакка алынган 3 жылга жакын убакыттан бери алгачкы ирет алыска жол тартты. Ишембиде Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылы алгачкы ирет Арафатсыз жыйынына чогулду. Палестинанын мурдагы премьер-министри Махмуд Аббас башкарган ал жыйында Арафат кандай болгон күндө да конституциялык ыйгарым укуктарын жоготпойт деп белгиленди.

XS
SM
MD
LG