Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Ирактагы уруштарда АКШнын 8 аскери набыт кетип, Багдаддагы жардыруудан 7 киши мерт болду


Анбар провинциясындагы кагылышууларда АКШнын 8 аскери набыт кетип, дагы тогузу жарадар болгону маалымдалды. Бүгүн эртең менен Багдаддын борбордук бөлүгүндө күчтүү жардыруу болуп, жети киши мерт болуп, 19 адам жараат алганын полиция маалымдады. "Ал-Арабия" телеканалынын имараты алдында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти буга чейин беймаалым "1920-бригада" аттуу уюм өзүнө алды. Ирактын утурумдук өкмөтү Фаллужанын бийликтери менен козголоңчулардын кыймылын токтотуу боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө. Ишембиде Киркук калаасында Сомалилик айдоочу барымтага алынганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG