Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

АКШда өтүүчү президенттик шайлоого эки күн калды


Президенттикке ат салышып жаткан эки талапкер: азыркы президент Жорж Буш менен сенатор Жон Керри кечээ өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүнүн алкагында өлкөнүн борбордук батыш штаттарында – Висконсин, Мичиган жана Охайодо - болушту.
Шайлоочулар менен жолугушууда эки талапкер тең террорго каршы күрөштө өздөрү ээлеген позицияны бекемдөөгө аракет кылышты.
Жорж Буш террорго каршы күрөштү баштагандыгын жана Ооганстан менен Ирактагы “террористтик режимди кулаткандыгын” айтты.

- Биз жер шары боюнча террорчуларга каршы күрөштү жүргүзүп жатабыз. Демек, аларды үйүбүздө жолуктурбайбыз.

Ал эми Керри Бушту эки жыл мурда Ооганстанда Усама бин Ладенди колго түшүрө албагандыгы үчүн айыптады.

- Мындан эки жыл мурда Осама бин Ладен жана “аль-Каида” айласы кетип, Ооганстандын Тора Бора тоосунда жашынып жүрүшкөн. Ошондо негизги аскер күчтөрүн ал жерден алып, ооган лашкерлерин тутууга жумоо “катачылык” болгон.

XS
SM
MD
LG