Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

А.Аллави Фаллужа бийликтерине акыркы жолу эскертүү жасады


Бүгүн Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Айад Аллави Фаллужада тынчтык жолу менен жаңжалды чечүүгө өкмөт акыркы жолу аракет көрөөрүн айтып, өкмөт сабырдуулугу такыр түгөнө баштаганын жана маселени тынчтык жолу менен чечүүнүн убактысы да аяктап баратканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ Фаллужанын уруу башчылары менен болгон жолугушуусунда да эскерткенин билдирди.
Анын аралыгында, Фаллужада бүгүн америкалык артиллерия козголоңчулар жашынган болушу мүмкүн делген жерлерге сокку ургандыгы айтылууда. Буга чейин америкалык аскерлер шаарга чабуул жасалышы мүмкүн экендигин айтышкан эле.
Ирактын дагы бир шаары – Рамадиде - америкалык аскерлер менен козголоңчулар ортосунда болгон атышуудан 6 адам өлгөндүгү тууралуу окуяга күбө болгондор айтышты. Атышуу шаардын борборунда болгон.
Америкалык аскерлердин айтымында, Багдаттын батышында ишембиде болгон бир атышуулардан тогуз аскер көз жумган, дагы тогузу жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG