Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ЭЛАРАЛЫК ЛИГА ПРЕЗИДЕНТ АКАЕВДЕН КУЛОВДУ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Феликс Кулов камактан эмдиги жылдын күзүндө бошоорун Сокулук райондук соту ушул жылдын 13-августунда эле ырастаган. 29-октябрда «Арнамыс» партиясынын жетекчисин маалынан эрте бошотуу маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн Адам укугу боюнча эларалык лига президент А.Акаевге жолдогон катында билдирди.

Феликс Кулов быйыл жазда, ашып барса күзгө жетпей абактан бошоорун анын партиялаштары, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү күн мурунтан эле айта башташкан. «Арнамыс» партия жетекчиси биринчи ирет 2000-жылдын 22-мартынан 9-августка чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган.

Сот өкүмү чыкканга чейинки отурган ошол 9 айы - Сокулук райондук соттун быйыл 13-августта «Жаңыжер» түрмөсүндө өткөн көчмө отурумунда эсепке алынбай калганын Ф.Куловдун жактоочулары айтышып, адам укугу боюнча эларалык уюмдарга кайрылышарын билдирген.

«Арнамыс» партиясынын төрагасы азыркы бийлик турганда боштондукка чыга албаса кийинкисинде сөзсүз адилеттик орношуна ишене тургандыгын жашырбайт:

- Бир жыл, жарым жылдан кийин шайлоо аркылуу бийликке жаңы адамдар келет. Мен ошондо акталам. Себеп дегенде, эртеби-кечпи бийликке дурус кишилер келишет,- деген эле Феликс Кулов буга чейин "Азаттыкка" берген интервьюларынын биринде.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2002-жылдын 8-майында Феликс Куловду 10 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн 2001-жылдын 26-июлунан тарта эсептөө тууралуу өкүм чыгарган.

Феликс Куловдун 2000-жылдын 22-мартынан ушул эле жылдын 7-августуна чейин Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурганы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жаза мөөнөтүн аткаруу катары эсепке кирбей калган.

Эки райондук соттун алдагыдай өкүм-чечими мыйзамга туура келбестигин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мыйзамдуулук жана сот-укук маселелери боюнча комитети ушул жылдын 14-октябрдагы чечими аркылуу да ырастады.

Адам укугу боюнча эларалык лиганын президент А.Акаевге жөнөткөн кайрылуусунда Сокулук райондук соту маалы келе электигин белгилеп, Феликс Куловду шарттуу түрдө боштондукка чыгаруу убактысын эмдиги жылдын 12-ноябрына жылдырып атышынын чоо-жайын «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев атайылап жасалган кылмыш катары мүнөздөйт:

-Бул атайлап жасалган ката эмес, кылмыш. Себеп - мыйзамдын башка нормасын колдонуп туруп Феликс Кулов чыкпай тургандай кылып жасап койгон. Мына, Жогорку Кеңештин А.Бекназаровдун комитети аны карап туруп, «мына бул жерден ката кеткен, бул жерден да туура эмес карашкан» дешти. Ошон үчүн ушундай мөөнөтү узарып Феликс Куловду 2005-жылдын 12-ноябрына чейин чыкпай турган кылып койду.

Адам укугу боюнча эларалык лига президент А.Акаевге Ф.Куловду боштондукка чыгарып, президенттик шайлоо алдында бийликтин саясий каршылаштарын кугунтуктоону токтотуп, атаандаштардын баарына бирдей шарт түзүп берүү өтүнүчүн билдирген.

Президент А.Акаев Феликс Кулов кылган күнөөсү үчүн түрмөдө отурганын айтып, аны маалынан эрте бошотууга эч кандай негиз жок экенин белгилеп келет:

- Менден саясий туткун деп аталган Ф.Куловду шарттуу түрдө бошотууну же түрмөдөн толук чыгаруну суранышат. Мен айтып коёюн, саясий туткун Кулов деген бизде жок, ага каршы кылмыш иши да жок.

Президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары Болот Жанузаков Ф.Кулов миллиондогон акчаларды бейчеки чачкандыгы үчүн камалып отурганын айтат:

- Тетиги жерде турган «Сейтек» шаарчасына 15 миллион сому жөн эле кетип калган. Кайткан жок ошол акчалар. Губернатор болуп турганда берип жиберген 16 миллион сому ушул убакка чейин кайтарылган жок. Бул эмне, коррупция эмеспи .

«Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев алдагыдай кине сот жүрүшүндө далилденген жок дейт:

- Сот жүрүшүндө мунун баары далилденген жок. Бир тыйын өкмөттүн акчасы жоголгон жок.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын Феликс Куловдун маселеси өлкө ичинде-сыртында байма-бай козголо бериши турган иш. «Арнамыс» партия жетекчиси саясий иш-аракети үчүн куугунтукка алынганы адам укугу боюнча эларалык уюмдар менен оппозициянын бирден-бир жүйөөсү катары айтылмакчы.

XS
SM
MD
LG