БИШКЕК. АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу Бишкектеги төрт университетте жана борбордук «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанында альтернативалуу шайлоо участкалары иштейт. Ал «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулуп, АКШнын учурдагы жана келечектеги саясаты тууралуу жергиликтүү атуулдардын пикирин билүү максатын алдыга коюуда.
Шайлоо бюллетендерине АКШ президенттигине талапкерлер тууралуу суроолордон тышкары айлана-чөйрөнү коргоо, тынчтыкты сактоо жана адам укуктарына байланыштуу суроолор кошулган. Мындан тышкары Ирактагы согушту токтотуу, Киото келишимин ишке ашыруу жана Израилге АКШнын колдоосу боюнча да элдин пикирин аныктоочу суроолор киргизилген. Добуш берүүнү уюштурууга «Жер жүзүндөгү энелер» жана «Бушка бойкот» аттуу коомдук уюмдар да демилгечи болуп, Жорж Буштун саясатына каршы эларалык өнөктүктү башташты.