Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Парламент чет элдик кредиттин изин иликтей баштады


БИШКЕК. 1-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Жибек жолу» акционердик коомуна 1993-жылы берилген 18 миллион долларлык кредиттин мыйзамдуу пайдаланышы жөнүндөгү маселени карады. Адегенде бул иштин мыйзамдуулугун териштирген депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Байкожоев маалымат берип, депутаттардын суроолоруна комиссия мүчөлөрү Муратбек Мукашев, Жаныш Рустембеков, Тойгон Калматов жооп беришти. Талкууга башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басары Каримов, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдор катышты.

Талкуудан кийин палата жыйынтыктоочу токтомду негиз катары кабыл алып, аны кайра толуктап иштөөгө комиссияга жолдоду жана ал толук иштелгенден кийин палата анын ар бир пунктун талкуулап туруп кабыл алмай болду. Жалалабаддагы балдар үчүн тамак-аш чыгаруучу «Жибек жолу» акционердик коомуна адегенде берилген 18 миллион доллар үстөгү кошулуп отуруп, азыр 41 миллион доллардан ашкан. Бул каражаттын кайда кеткендиги дайынсыз болгондуктан Жогорку Кеңеш бир нече жолу териштирип, тогуз жолу токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG