Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Слободан Милошевич Гаага трибуналында өзүн-өзү коргоону улантат


Апелляциялык соттун бүгүнкү чечимине ылайык Слободан Милошевичке саламаттыгы тоскоол кылбаса сотто өзүн өзү коргоосуна кеңири мүмкүнчүлүк берилет. Ошол эле учурда ага дайындалган эки адвокат да ишке тартылмакчы. БУУнун Согуш кылмыштары боюнча трибуналында Милошевичтин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны айыпкердин саламаттагына байланыштуу бир нече ирээт үзгүлтүккө учураган эле. Ушундан улам сот аны коргоо ишин жетекчиликке алуу үчүн британиялык эки адвокатты дайындаган болчу. Буга каршы чыккан Милошевич сот чечимин апелляцияга берген. Югославиянын мурдагы президенти 1990-жылдары Хорватия, Босния, Косоводогу согуштар учурунда геноцид жүргүзгөнү, адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG