Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Багдадда беш кишини барымтачылар уурдап кетишти


Ирак полициясынын маалыматтарына ылайык куралчандар баш калаадагы саударавиялык компаниянын кеңсесине кирип келип, АКШнын бир атуулун, непалдык бир кишини жана ирактык төрт күзөтчүнү кармап кетишти. Атышууда бир күзөтчү жана кол салгандардын бири окко учту.

Кечээ ошондой эле Багдадда акимдин орун басары Хатам Каримдин машинада бараткан жеринен атып өлтүрүлүшү үчүн жоопчерчиликти "Ансар ал-Сунна Армиясы" деп аталган согушчан топ өзүнө алды. Бул топ Каримдин АКШ баштаган коалиция менен кызматташтыгы үчүн жазаланганын билдирди.

Бул күнү ошондой эле Багдаддан батыштагы Рамада жана Фаллужа шаарларынын жанында америкалык аскерлер менен козголоңчулардын ортосунда согуш аракеттери жүрдү. Рамади тараптан үч киши, анын ичинде Ройтерс агенттигине иштеген ирактык оператор окко учту.

XS
SM
MD
LG