Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

АМЕРИКАЛЫКТАР ТӨЛГӨ САЛУУДА


Эми күндүн башкы окуясына – АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө башка өңүттөн кайрылалы. Өзүңүздөргө маалым, Кошмо Штаттардагы эң соңку шайлоо бекети Кыргызстандын убактысы менен алганда шаршемби күнү таңкы саат 9:00да жабылат. Деги, кайсы талапкер президенттикке шайланып, Ак Үйгө кожоюн болоор экен? Нечендеген америкалыктар шайлоо бүтө электе эле бул маселеде ар кыл жоромолун ортого салууда. Анын үстүнө, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу төлгө салуунун жолдору да арбын эмеспи.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, учурдагы президент, республикачы Жорж Уокер Буш менен сенатор, демократ Жон Керри «тай-талашка» түшүп, дээрлик теңтайлаш келүүдө. Президенттик шайлоодогу мындай деңгээлдеги атаандашуу соңку доордун тарыхында өзгөчө айырмаланган көрүнүш катары бааланууда.

Демейдеги усулдарга негизденген сурамжылоолор бул эки талапкердин эч бирине биринчиликти ыраа көрбөй жаткан чакта, америкалык шайлоочулар башка жолдор менен да төлгө салып, бул экөөнүн кимиси мамлекет башчы болоорун алдын-ала аныктоого умтулууда.

Эмесе, алардын айрым төлгө ыкмалары жөнүндө сөз кыла кетели.

Айрым америкалыктар президенттикке талапкерлердин боюн салыштырып төлгө салып көрүштү. Жон Керри мырза азыркы президенттен 10 сантиметрге узун экен. Демек, демократтар тойго даярдана берсе болчудай.

Бирок өткөн шайлоодо жапалдаш бойлуу Жорж Уокер Буштан 5 сантиметрге узун болгонуна карабастан, демократ Ал Гор атаандашына утулуп калганы да эсте.

Кезектеги төлгө - модага байланыштуу. Кейиштүүсү, Керри менен Буш экөө тең кийим-кече жагынан бири-биринен айырмалуу сапаттарын айгинелетишкен жок.

Албетте, акча жааты, экономикалык көрсөткүчтөр да оңой төлгө эмес.

Маселен, Dow Jones көрсөткүчүнө келсек, баалуу кагаздар базарынын кырдаалын чагылдырган бул көрсөткүчтө президенттик шайлоого чейинки айда баалуу кагаздардын наркы 0,5 пайызга төмөндөчү болсо, анда бийликтеги президент утулуп калышы ыктымал деген жоромол бар. Соңку жүз жылдагы бул төлгөгө таянсак, октябр айында баалуу кагаздар наркы 0,52 пайызга төмөндөгөн Кошмо Штаттарда Жорж Буштун доору соңуна келгендей.

Баса, футбол да бар эмеспи!

Тээ 1936-жылдан бери Вашингтондогу «Редскинз» (the Redskins) командасы шайлоо алдындагы матчта мөрөйгө ээ болсо, бийликтеги президент ордунда калчу экен. Быйыл, саат басып, бул команда «Гриин Бэй Пакерс» (the Green Bay Packers) командасына утулуп калды. Жон Керри болсо оюн бүтөөр замат: «Пакерс жеңди, Керри бийликке келди!» ("Packers Win -- Kerry's In!") деген билдирүүсүн жарыялады.

Бирок Жорж Буш уткан жагдай да жок эмес. Октябр айынын соңундагы жаш балдар бет кеп тагынып майрамдаган «Халоуин» (Halloween) учурунда - башкача айтканда, ыйыктарга арналган күндүн алдыңкы күнү, - америкалык балдар президенттикке талапкерлердин жана башка даңазалуу кишилердин бет кебин сатып алышат. Быйыл Буштун бет кеби Керриникине караганда анча-мынчага көбүрөөк сатылган экен.

Эмнеси болсо да, мындай төлгөлөрдүн чын чыгаарына, же кезектеги жомок, же болбосо тамашалуу баян бойдон калаарына карабастан, АКШдагы быйылкы президенттик шайлоо өлкөдөгү калайыктын гана эмес, дүйнө калктарынын да бүйүрүн кызыткан чоң окуя болуп жаткандыгында шек жок.

Тектеш

XS
SM
MD
LG