Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Нарында убактылуу кармоочу жайлардын абалы оор


НАРЫН. Нарын облусундагы кылмышка шектүү адамдарды убактылуу кармоо жайлары эларалык стандарттын талабына жооп бербейт. Мындай маалымат "Нарын облусунун убактылуу кармоочу жайларындагы адам укугу" аттуу докладда айтылды. «Кыргызстандын жаш юристтери» коомдук бирикмесинин Нарындагы филиалынын өкүлү Нурдин Исаев убактылуу кармоочу жайлардагы кармалып турган адамдардын укугу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, доклад даярдалгандыгын 2-ноябрда болуп өткөн маалыматтык жыйынында билдирди.

Өткөн жылдын 1-декабрынан быйылкы жылдын 31-августуна дейре облустагы баардык убактылуу кармоочу жайлар изилденгенде дээрлик бардык жайларда олуттуу кемчиликтер орун алгандыгы, кармалгандардын тамак-аш, санитардык абал, юридикалык жана социалдык жактан укуктары бузулгандыгы айкындалган. Маселен убактылуу отургузулган бир адам үчүн күнүгө тамак-ашка 40 сом керектилиши керек болсо, анын 25 пайызы гана камсыздалат деп жазылган докладда.

XS
SM
MD
LG