Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Аялдар теңдигине арналган конференция өтүүдө


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте «Гендерстан-2004: гендердик теңчиликке жетүү үчүн аял менен эркектин кызматташуусу» деген эларалык конференция өтүп жатат. Ал БУУнун Өнүгүү программасы менен Швециянын SIDA агенттигинин гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган үч жылдык долбоорун жыйынтыктоого арналууда.

Конференцияга Кыргызстандын, Швеция, Казакстан, Молдова, Украина, Литва, Грузия, Тажикстандын өкүлдөрү катышып жатышат. Башкы маселе - аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу жана аларды мамлекеттик башкаруу органдарынын бардык катмарына аралаштыруу болууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, 10-октябрда болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутат болгон аялдардын саны мурдагыга караганда 4 процентке көп болду. Ушундай өсүш Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо да болот деген үмүт бар. Ал эми Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова өкмөт курамында аялдардын саны дагы эле аз экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG