Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Эл өкүлдөр палатасы “Кыргызтелекомду” сатууга каршы


БИШКЕК. 2-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы ачык типтеги “Кыргызтелеком” ационердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени талкуулашты. Палатанын өнөр жайын жана ишкердикти стратегиялык жактан өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Рустенбеков “өкмөт тарабынан “Кыргызтелекомдун” 51% акциясын чет мамлекетке сатууну көздөгөнү мыйзамды одоно бузгандык” деп билдирди.

“Кыргызтелеком” өлкөдөгү бирден бир кирешелүү ишкана. Ал жылыга 3 млн. доллардан ашуун таза киреше берет. Аны чет өлкөгө 16 млн. долларга сатуунун кажети жок. Бул иш-чара кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын көздөйт”,- деди Жаныш Рустамбеков. Депутаттар кызуу талаш-тартыштан кийин “Кыргызтелеком” акционердик коомунун маселесине байланыштуу токтомду кийинки отурумда кабыл ала турган болду.

XS
SM
MD
LG