Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Абхазия президенттигине талапкерлер чатакты чечүү үчүн Маскөөгө келди


Мындан бир ай мурда - 3-октябрда Абхазияда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон чыккан чатак эмгиче жөнгө салына элек. Ага катышкан эки талапкер тең - Сергей Багапш менен Раул Хаджинба эми Маскөөгө келип, маселени Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп чечүүгө аракеттенүүдө. Аны менен байланыштуу Тбилиси бүгүн билдирүү таратып, Грузиянын ички иштерине кийлигишүүдө деп Орусияны күнөөлөдү. Маскөө Хаджинбаны колдогон, бирок шайлоодо Багапш жеңди деп жарыяланган жана жумурияттын Жогорку соту кийин шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңы добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш деп чечкен.

XS
SM
MD
LG