Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат


АКШда бүгүн президенттик шайлоо өткөрүлүүдө. Акыркы элдик сурамжылоолордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, талапкерлер Жорж Буш жана Жон Керри тең келатат, ошондуктан шайлоочулардын канчасы добуш берүүгө катышаары өтө маанилүү.

Дүйшөмбү күнү президент Буш өлкөнүн алты штатын, Керри болсо төрт штатты кыдырды. Буштун айтымында, Америка элине чынчыл президент керек болсо, алар Буш үчүн добуш берүүгө тийиш:

-Эгер силер ойлогонун сүйлөгөн, айтканын жасаган жана айтканында турган президентти кааласаңар, мага кошулгула.

Керринин айтымында, шайлоодо президент Буштун жасаган ишине баа берилет:

-Башаламандыкты токтотуп, демократ, республикалык же көз карандысыз деген сыпаттолорду алып салып, жүрөгүңөргө эмне жакса, келечек жөнүндө, өлкөнүн мүнөзү жөнүндө ойлонуп добуш бергиле. Силерде азыр өткөн төрт жыл үчүн Жорж Буштан отчёт алууга мүмкүнчүлүк бар.

Шайлоого 156 миллион добуш берүүчү катышууда жана анда президенттен тышкары, Конгресстин өйдөкү палатасы Сенатка 34 сенатор, ылдыйкы палата - Эл өкүлдөр жыйынына 435 конгрессмен жана 11 штаттын губернатору шайланууга тийиш.

XS
SM
MD
LG