Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШдагы ШАЙЛООДО ЖОРЖ БУШ ЖЕҢЕ ТУРГАНДАЙ


Төрөкул Дооров, Прага Акыркы маалыматтар боюнча шайлоого таасир бере турган Флорида штатында азыркы президент Жорж Буш алдыга чыкты. Жалпы жонунан да демократтардын өкүлү алдыда келатат деген маалыматтар айтылууда. Акыркы маалыматтар боюнча зарыл делген 270 добуштун 254үн Буш алды, ал эми Жон Керри 242 добуш топтогон. Эгерде Огайо штатынын шайлоочулары да Жорж Бушка ишеним көрсөтсө анда ал экинчи ирет Кошмо Штаттарынын президенти болуп калмакчы.

Буга чейинки шайлоолордо талапкерлер шайлоо өнөктүгүн добуш берүүгө бир күн калганда жыйынтыкташчу. Бирок бул жолу АКШ президенттигине талапкерлер Буш менен Керри бул салтты бузуп, шейшембиде америкалыктар добуш бере баштаса деле шайлоо алкагындагы өнөктүктөрүн уланта беришти.

Буш буга чейин күтүлгөндөй эле Техас штатынын Кроуфорд шаарындагы чөлкөмдө шейшембиде эртең менен добуш берди. Ал Огайого жөнөөр алдында журналисттерге берген интервьюсунда өзүн өтө ишенимдүү кармады:

- Менимче, мен жеңип чыгам. Андыктан мен бул өлкөнү алдыга сүйрөп, эл бириктиргенге, Американы коопсуз жана өнүккөн өлкө кылчу күн тартибин түзө алам го деп ойлойм.

Бул жолку шайлоодо Бушту колдогондордун саны буга чейинкисинен аз болгон эмес көрүнөт. Шайлоо чөлкөмдөрүнөн эми эле чыгышкан шайлоочулардын арасында өткөн сурамжылоолордун жыйынтыгы жана шайлоонун алгачкы жыйынтыктары Буш алдыда келаткандыгын көрсөттү.

Жон Керри шейшемби күнү алгач борбордук батыштагы Висконсин штатында жыйынга катышты. Катталбаган шайлоочуларга добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн берген штатта Керри атайын жыйын өткөрдү. Кийин ал өзүнүн Массачусетс штатында добушун берди.

Буш менен Керри дүйшөмбү күнү шайлоо өнөктүгүнүн акыркы сааттарын чечүүчү деп эсептелген, бирок азырга чейин “өз каалоолорун так аныктай элек” штаттарда өткөрүштү. Бул штаттардан алынган добуш талапкерлердин экөө үчүн тең жеңиш менен утулуунун ордун алмаштырып койушу да ыктымал.

Өзүн “согуш президенти” катарында таанытып, коопсуз учурда өлкөнү коргой ала турган жалгыз фигура деп көрсөткөнгө аракет кылган Жорж Буш акыркы 19 сааттын ичинде эле АКШдагы алты башка штатта болду.

Ал эми анын атаандашы, демократ-сенатор Жон Керри дүйшөмбүдө Флорида штатынан тарта борбордук батыштагы Висконсин, Мичиган жана Охайа штаттарында болуп, өз электораты менен жолугушууларды өткөрдү.

Массачуссетстик сенатор шейшембиде Бостондо добуш берип бүткөндөн соң, журналисттер менен маегинде дагы бир жолу элдин шайлоого катышуусу маанилүү экендигин айтты:

- Эң башкысы президент да, мен да бул өлкөнү сүйгөндүгүбүздө. Адамдардын кимге добуш берип жатышкандыгы анчалык деле маанилүү эмес. Мындан да алардын чөлкөмгө келип, добуш беришинин өзү өз өлкөсүнө сүйүүсүн билдиргени маанилүү.

Шайлоо кампаниясы башталган алгачкы мезгилдерде Буш ишенимдүү түрдө Керриден озуп, алдыда келаткан.

Шайлоочулардын пикирин аныктоо үчүн өткөрүлгөн соңку сурамжылоолордун жыйынтыгы эки талапкер ортосундагы айырма кескин кыскарып кеткендигин көрсөттү. Ал эми өз алдында көз карандысыз талапкер катарында көрсөтүлгөн Ралф Нейдер 1% добуш топтоорун болжолдонгон.

Демократиялык партиядан вице-президенттикке талапкер катарында көрсөтүлгөн Жон Эдвардс шейшембиде шайлоонун жыйынтыгы кандай болоорун алдын ала болжоо мүмкүн эмес экендигин айтты. “Эл шайлоого катышууда бул жолу буга чейин болуп көрбөгөндөй активдүүлүк көрсөтүшөөрү анык жана мунун өзү демократиянын кызматы” деди Эдвардс.

Чынында эле кечээки шайлоодо өлкөнүн Флорида, Түндүк Каролина, Батыш Вирджиния жана Мичиган штаттарында көптөгөн шайлоо чөлкөмдөрүндө узун-узун кезек пайда болуп, айрым учурларда шайлоо чөлкөмдөрү ишин баштай электе эле адамдар кезекке тура башташканы кабарланууда.

1960-жылы республикачыл Ричард Никсон менен демократ Жон Кеннединин ортосунда президенттик так үчүн өткөн күч сынашуудан бери АКШ саясатында көп нерсе өзгөргөнү - өзгөчө шайлоо өнөктүгүндө жаралган айырма менен да көрүнүп турат.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү - Кошмо Штаттардын тарыхында “эң кымбат” өнөктүк болду.

Октябрдын орто чендеринен тарта Жон Керри жана Конгресске көрсөтүлгөн Демократиялык партиянын талапкерлеринин өнөктүгү үчүн 1 миллард 22 млн. доллар акча жумшалган. Ал эми Жорж Бушка жана Конгресске Республикалык партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерге ушул эле мезгил аралыгында 1 млрд. 27 млн.доллар акча сарпталды.

Бул жолу америкалыктар өлкөнүн президенти менен кошо Сенатка 34 өкүлдү, Өкүлдөр палатасына 435 адамды жана 11 штаттын губернаторлорун да тандашууда.

XS
SM
MD
LG