Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

БИШКЕКТЕ ДОНОРЛОРДУН ЭКИНЧИ КЕҢЕШМЕСИ ӨТҮҮДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 3-ноябрда Бишкекте өткөн донорлордун кеңешме жыйынында донор өлкөлөр менен уюмдар Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти. Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин айтымында, бийлик коррупцияга каршы күрөшүн улантууда жана Кыргызстан Борбор Азия регионундагы улуттук валютасы күчтүү жана инфляциясы эң төмөн мамлекет болуп саналат.

Донорлордун кеңешме тобунун экинчи жыйынын өкмөт башчы Николай Танаев менен Дүйнөлүк банктын өкүлү Денис де Трей башкарууда. Денис де Трейдин айтымында, бу жолу донорлор кыргыз бийлиги менен акча тууралуу эмес андан да маанилүү кызматташтык, диалог өңдүү маселелер тууралуу сүйлөшмөкчү.

Президент Аскар Акаев болсо эки жыл мурунку донорлордун жолугушуусунан бери бир топ жетишкендиктер болгонун белгиледи. Донордук жардамды жөнгө салуу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, сырттан келген жардамды гармонизациялоо боюнча улуттук план түзүлгөнүн айтып өттү.

Мамлекет башчыныны айтымында, Кыргызстанда жакырчылык соңку 5 жылда 15 пайызга төмөндөптүр. Орточо маяна үч жылдан бери жылыга 10 пайызга көтөрүлүп келатканын, ал эми мугалим менен дарыгерлердин айлыгы быйыл 30 пайызга өскөнүн билдирди президент. Анын айтымында, кары- картаңдардын пенсиясы дагы акчалай жана өз убагында берилип калды. Аскар Акаевдин баамында, Кыргызстан Борбор Азия региону боюнча улуттук валютасы күчтүү жана инфляциясы эң төмөн мамлекет болуп саналат:

-Түз инвестициянын көлөмү быйыл алты айдын ичинде былтыркы ушул убакка караганда 50 пайызга көбөйгөн. Дүйнөлүк соода уюмуна кирген өлкөлөр менен соода алакаларга тоскоол болгон жагдайларды жоюу жана соода-сатык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттердин негизинде экспорттун көлөмүн чоңойттук. Быйыл тогуз айда экспорттун көлөмү былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 40 пайызга өстү.

Аскар Акаевдин айтымында, Париж клубу аркылуу Кыргызстандын тышкы карызынын кайсы бир бөлүгү жоюлушуна шарт бар. Ал Эларалык валюта кору менен кол коюлган меморандумдун талаптарын Кыргызстан толук аткарды деп санайт. Мамлекет башчынын айтымында, ушул жазда сүйлөшүүлөрдүн экинчи тепкичи өлкөдөгү реформалар үчүн чоң сынак болмокчу. Президент тышкы карызды жеңилдетүү маселесинде донорлор колдоо көрсөтөр деген үмүтүн билдирди.

Ал эми Дүйнөлүк банктын вице-президенти Шигео Катсу кыргыз бийлик бутактарындагы коррупция жөнүндө сөз козгоду. Анын айтымында, «Transparency International» уюмунун соңку отчёту боюнча коррупцияга малынган 25 өлкөнүн катарында Кыргызстан да аталганы өкүнүчтүү. Келечекте Кыргызстан коррупциялашкан эмес башка мүнөздөгү өлкөлөр менен бир тизмеде турар деген үмүтүн билдирди.

Япониядан келген инвестор Тосио Цунадзаки да коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурду. Анын айтымында, мамлекеттик бийлик бутактарындагы ачык-айкындуулук жана коррупцияны ооздуктоодо жакында түзүлгөн мамлекеттик кызмат боюнча агенттик чоң рол ойнойт деп ишенет:

- Мен мамлекеттик кызмат боюнча агенттик түзүлгөнүн кубаттайм. Ачык-айкын жана адилет мамлекеттик башкаруу үчүн бул абдан маанилүү. Жапония бул агенттикке техникалык жардам көрсөттү. Бир катар мамлекеттик кызматкерлер биздин өлкөгө тажрыйба алмашууга жөнөтүлүп жатат. Мындан ары дагы бул агенттиктеги кызматкерлерге жардамыбызды аябайбыз дегим келет.

Донорлордун кеңешме тобунун жыйынында Дүйнөлүк банктын Бишкек кеңсесинин башчысы Крис Лавлейс, кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун башчысы Урс Херрен жана вице–премьер-министр Жоомарт Отробаев да сүйлөдү.

Атуулдук коомдун атынан сүйлөгөн Токтайым Үмөталиеванын айтымында, донорлордун мойнундагы жоопкерчиликке да көңүл бурган оң. Ал сырттан келген каражат үчүн кыргыз бийлиги гана эмес, чет элдик донорлор да жооп бере турган жагдайлар унутта калып атканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG