Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

Жеңиш Жорж Буш тарапта


АКШнын демократиялык партиясынан талапкер Жон Керри добуштардын саналып бүтүшүн күтпөй эле, шайлоодо утулганын моюнга алып атаандашы Жорж Бушту жеңиши менен куттуктады. Ошентип Кошмо Штаттардын тарыхында эң кымбат шайлоодо республикачыл Жорж Буш мөрөйдү колго алып, экинчи ирет президенттик такка отурмакчы.

Маалыматтарга караганда Жон Керри Бушка өзү телефон чалып, ага куттуктоо сөзүн айткан. Буш болсо Керрини татыктуу талапкер катары баалаган. Акыркы санак боюнча Буш 254, Керри болсо 252 добуш алышкан эле. Добуштар саналып бүтө элек.

Огайодогу чечүүчү 20 добуш кимге берилгени дайын болмоюнча Ж.Буш же Ж.Керри зарыл 270 добушка ээ деп айтуу эрте.

Жорж Буштун штаб башчысы Андрю Карддын маалымдашынча, Огайо штаттында ким алдыда экени талашсыз:

–Огайодо президент Буш 140 миң добуш менен алдыда баратат. Огайо штатынын мамлекеттик катчысы утурумдук бюллетендер эсептелгенден кийин да бул айрыма кала берээрин бизге билдирди.

Огайодо бери дегенде 175 миң добуш берүү укугу күмөндүү адам убактылуу бюллетень менен добуш берген болушу ыктымал деп кабарланууда.

Жон Керри вице-президенттикке сунуш кылган талапкер Жон Эдвардстын айтымында, добуштар толук саналып бүткөнчө демократтар өздөрүн жеңилдик деп эсептешпейт:

- Жон Керри экөөбүз америкалыктарга бул шайлоодо ар бир добуш эсептелет жана ар бир добуш санакка кирет деп убада кылганбыз.

Бюллетендердин 99 проценти саналып бүткөндөн кийинки маалымат боюнча Бушту шайлоого катышкан адамдардын 51 проценти, Керрини болсо 48 проценти колдошкон.

Республикачылар партиясы Конгресстин эки палатасын мурдакыдай эле контролдоп калышты. Президенттик шайлоого удаа өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда республикачылар Сенаттагы 100 орундун элүү үчүнө ээ болушту. Бул азыркыдан 3 мандатка көп. Өкүлдөр палатасындагы 435 парламентарийдин теңинен бир аз көбү да республикачыларга таандык.

XS
SM
MD
LG