Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

УЛУТТУК БАСМА СӨЗ КҮНҮ, МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН БЕДЕЛИ, СУУ БАСКАН КЫШТАКТАГЫЛАРДЫН ҮНҮ


Бишкекте инвестиция маселелерин талкуулаган экономикалык жыйын өттү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодон соң парламент мүчөлөрүн тандоо сынагы башталууда. 7-ноябрда Кыргызстан журналисттери улуттук басма сөз күнүн белгилешет. Майрам алдында маалымдоо каражаттарынын бүгүнкү абалын талдоого алган материалдар арбын жарыяланууда.

Бишкектеги инвестиция маселелерин талкуулаган экономикалык жыйында козголгон маселелер тууралуу бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити репортаж жарыялады. Журналист Данияр Каримов президенттин улам-улам эскерткенине карабай, парламентке шайлоо даярдыгы күчүнө киргендигин «Толкундарга жабышкан көбүк» деген макаласында талдоого алган. Шайлоо жакындаган сайын ар кошкон экстремисттик кыймылдарды айтып, коомчулукту коркутуу аракети күчөйт, деп белгилейт макала автору.

«Кодексти катыра сындашты, эми ага сынчы эмес, экономисттин көзү менен карап көрөлү» деп жазат бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Галина Лунева. Айрым ишкерлердин айтымында, жаңы Салык кодексинде салык жыйноочуга кенен укук берилген. Ал эми салык төлөөчүнүн өз укугун коргоп, адилеттикке жетиши кыйын.

Журналист А.Солтоева «Мырзалар, туура жолдо баратасыңар!» деген макаласында Кыргызстанда ишкерликтин өнүгүшүнө кедергисин тийгизген жагдайларга токтолгон. Автордун ырасташынча ишкерликтин өнүгүшүнө криминалдын каршылыгына караганда аткаруу бийлигинин тоскоолдугу күчтүү.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде «Жаңы багыт» саясий кыймылынын платформасы жарыяланууда. Басылмада Өзгөн районунун Башдөбө айыл өкмөтүндөгү Жаңыжол кыштагын жер алдынан көтөрүлгөн суу каптай баштаганы А.Акуловдун катында кабарланган. "Сел ала элек, өкмөт көчүрө элек айылдын арманын уккан киши жок", деп маалымдайт автор.

Баяндамачы Кенжаалы Сарымсаков «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» идеологиялык ураанынын чоо-жайын талдоого алган. Көптөп ураан чакырган менен жалпы үйдөн көбү көчүп кетип атышат. Андай урааны жок бай өлкөлөргө барып жашасак дегендер толтура.

Жума күнү «Агым» гезити кандай материалдарга орун бергенин басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып берет:

- Сессия жаңылыктары бар. Окурмандарыбыздын суроолоруна Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков жана «Учкун» акционердик коомунун президенти Каныбек Иманалиев жооп берет. Кыргыз циркинин көйгөйү, Кыргызстандагы, Кытайдагы уйгурлардын жашоо-турмушу тууралуу материалыбыз бар. 7-ноябрь – Улуттук басма сөз күнүнө карата бедели бийик ММКлардын артыкчылыктары, кемчиликтери тууралуу кеп кылдык.

Кеп кезеги «Кыргыз руху» гезитинин редактор орунбасары Жазгүл Масалиевада:

- Арстанбек Дүйшөмбиев менен Болотбек Таштаналиевдин «Белгисиз күтүү» деген саясий темадагы материалы басылган. Жыпара Жээналиеванын Ысыккөлдүн губернатору Токон Шайлиева менен маеги «Ысыккөл – элибиздин куту, ырыскысы, бермети» деген аталышта жарык көрүүдө. Энергосектор боюнча кабарчыбыз Мээрим Асекованын суроолоруна парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев жооп берген.

«Бишкек таймста» кандай материалдар жарыяланып жатканын гезиттин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момуновдон уксак:

- Республикабыздагы белгилүү маалымдоо каражаттары тууралуу кабарчыларыбыздын аналитикалык макалалары жарыяланган. «Бишкек таймстын» рейтинг борборунан кийинки учурлардагы саясий ишмерлердин рейтинги кандай болгону тууралуу маалымат ала аласыздар.

Жума күнкү «МСН» гезитинде шайлоо учурунда бармакка белги коюу жөнүндө Рина Приживойт «Менин Матильдама теңдеш сулуу жок» деген макаласында ой жүгүрткөн. Президент А.Акаевдин китепканасы делинип Бишкектин чок ортосунда чоң имарат курулушу жүрүп жатканы Елена Скородумованын «Бул сага Пентхаус эмес. Бул - президенттин китепканасы» макаласында баяндалат. Курулуш темасына журналист Геннадий Кузьмин да кайрылган. Анын ырасташынча бийликтегилер эмдиги жылды турак-жай курулуш жылы катары санашмак. Бирок кийинки жылдары социалдык жардамга муктаж адамдарга деп бир да үй курулбаганы жогортодо отургандарды ойлонткон белем, эмдиги жыл дипломатия жылы атын алды.
XS
SM
MD
LG