Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Каракол шаары кышкы даяр эмес


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы жылуулук ишканасынын директору Автандил Абдыкадыровдун жергиликтүү басылмалар аркылуу тараткан маалыматтарына караганда аталган ишканадагы сегиз буу казанынын төртөө гана от жагууга толук даяр. Калган буу казандар оңдолууда. Акча каражатынын тартыштыгы, керектүү тетиктердин жетишсиздиги, ошондой эле тиешелүү адистердин тез-тез алмашуусу буу казандарын өз учурунда оңдоого толук мүмкүнчүлүк бербей, абалды ого бетер оордотууда.

Мындан тышкары Жыргалаң шахтасынан 10 миң тонна ташкөмүр келүүгө тийиш болсо ушул тапта анын 120 тоннасы гана жеткирилди. Автандил Абдыкадыровдун айтымында, шаардагы Чыгыш жана Кашкасуу кичи райондорунун тургундары жылуулук ишканасына карыздарын төлөбөй атат. Маселен, Чыгыш кичи районунун тургундарынын өткөн жылдагы жылуулук үчүн 970 миң сом карызы өндүрүлө элек.

XS
SM
MD
LG