Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

АРАП ШЕЙХИНИН ТУКУМУНАН ТАРАСА АЯЛДАР ДА МИНИСТР БОЛО АЛАТ


Бириккен Арап Эмираттарынын президенти, мамлекеттин түзүүчүсү саналган шейх Заед бин Султан Ал Нахьян ушул аптада дүйнө салды. Жашы 90го таяп калган карт саясатчы түбөлүк сапарга аттанарына аз күн калганда бир катар жаңы министрлерди дайындап, өлкө тарыхында алгачкы ирет аялдардын өкүлүн министр кылып бекитти. Бул жаңылык жалгыз Арап Эмираттарында гана эмес, исламдык жол-жоболор үстөмдүк кылган жалпы арап дүйнөсү үчүн жакшы саамалык болду.

Бириккен Арап Эмираттарындагы белгилүү ишкер, падышалык үй бүлөнүн тукумунан тараган Шейх Лубна Ал Касими өлкөнүн экономика жана пландаштыруу боюнча министри болуп дайындалды. Аялдарга машине айдоого, паранжысыз көчөгө чыгууга тыюу салынган арап чөлкөмү үчүн бул жаңылык дагы бир кадамга алдыга жылыш болгону талашсыз.

Бирок ислам дини кыздардын билим алуусуна тыюу салбайт эмеспи, андыктан арап өлкөлөрүндө илим-билимдүү, өз кесибинде көп нерселерге жетишкен, бизнес чөйрөсүндө эркектер менен теңтайлаша иштеп келаткан аялдар жылдан жылга көбөйүүдө. Байлыгына жараша арап шейхтеринин тукумунан тараган кыздар АКШ баштаган алыскы мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда да билим алышат. Арап Эмираттарында аял киши алгачкы ирет министр болуп дайындалса, ушу тапта коңшулаш Бахрейн, Оман жана Катардын өкмөттөрүндө экиден аял министрлер иштеп жатышат.


Бириккен Арап Эмираттарынын экономика жана пландаштыруу боюнча жаңы министри Шейх Лубна Касими айым компьютер жана маалымат технологиясы боюнча дүйнөдөгү миллионерлердин билим бешиги саналган АКШнын Калифорния штатындагы университетти бүтүргөн жана азыр ал Арап Эмираттарында ушул чөйрөдөгү эң алдыңкы бизнесмен болуп эсептелет. Касими айым башкарган компания – 2001-жылы ырасми Дубайдын интернеттеги коомдук баракчаларын ачып, ошондон бери аларды тейлеп келатат.

Лондондо жайгашкан Арап аялдарынын эларалык форумунун жетекчиси Хайфа ал-Кайлуни – Арап Эмираттарында гана эмес, бүткүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө ишкердик жөндөмү аркылуу таанылган шейх Касими айымдын министр болуп дайындалганын кызуу кубаттап, бул көрүнүш эларалык деңгээлде билимдүү арап аялдарынын кесиптик жетишкендиктерин айгинелейт деп белгиледи.


Эң негизгиси – Арап Эмираттарында аял-министрдин дайындалышы Батышта калыптанып калган ислам өлкөлөрүндө аялдардын ролу, орду эркектердикинен кыйла төмөн деген түшүнүктү бузаары талашсыз.

Андай көрүнүш бардык жерде бирдей эмес экенин Борбор Азиядагы аялдардын абалы да таасын бышыктайт. Көз карандысыз изилдөөлөр атүгүл Кыргызстан, Казакстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдө аялдар илим-билим, коомдук ишмердүүлүк жагынан эркектерге караганда активдүү экенин көргөзүүдө. Министр, депутаттардын саны жагынан алганда, алардын арасында аялдардын өкүлдөрү өтө аз, бирин-серин гана экенин айта кетүү абзел. Тактап айтсак, Кыргызстанда 1, Казакстанда 2, Түркмөнстанда 2 министр, Өзбекстан менен Тажикстанда бирден вице-премьерлер аялдар.

Айымдардын кызматтык тепкичте көтөрүлүшүнө кандай себептер жолтоо болуп жатканы өзүнчө чоң изилдөөнү талап кылчу маселе экени талашсыз. Айрым эксперттер дүйнө глобалдашып бараткан чакта аялдар менен эркектердин коомдогу орду жаатындагы айырмачылыгы да азайып баратканын айтып жатышпайбы, андыктан абал келечекте өзгөрөт деп күтө туралы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG