Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 21-сессиясынын биринчи этабы аяктады. Акыркы күндө депутаттар бир катар олуттуу маселелерди карады. Алардын ичинде өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал талкууланып, анын соңунда министрликтин шарп ылаңына каршы жүргүзгөн иши канааттандырарлык эмес деп тапкан токтом кабыл алынды.

Андан кийин Эл өкүлдөр жыйыны депутат Исхак Масалиевдин демилгеси менен Конституциянын кыргызча-орусча тексттериндеги айырмачылыктар жөнүндөгү маселени карады. Масалиевдин айтымында, Башмыйзамдын текстинин үч беренесинде айырмачылыктар бар. Мунун өзү 2003-жылы өткөрүлгөн референдумдун мыйзамдуулугуна шек туудурат. Бул кемчиликтерди жоюу үчүн Эл өкүлдөр жыйыны президентке кайрылып, атайын комиссия түзүү менен маселени иликтөөнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG