Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Газ түтүгү ишенимдүү башкарууга берилди


БИШКЕК. Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүнүн «Кыргызгазга» тийешелүү бөлүгү кыргыз-казак биргелешкен «КырКазГаз» фирмасына башкарууга өткөрүлүп берилет. Ага негиз берген макулдашууга бүгүн өкмөт үйүндө «Кыргызгаз» менен «КырКазГаз» биргелешкен ишканасынын ортосунда кол коюлду.

Андан сырткары биргелешкен ишканага инвестиция салуу боюнча Инвестициялык макулдашууга да кол коюлду. Ага ылайык казак тарап 2008-жылга чейин Кыргызстан аймагынан өткөн газ түтүгүнө 17 миллион 500 миң доллар инвестиция салат.

Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүн биргелешип пайдалануу боюнча келишимге 2003-жылы президент Аскар Акаевдин Казакстанга сапары учурунда жетишилген. 2004-жылдын март айында болсо «Кыргызгаз» менен «Казтрансгаз» «КырКазГаз» биргелешкен ишканасын түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG