Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Босниянын өкмөт башчысы кызматтан кете турганын билдирди


Босниянын премьер-министри Аднан Тержич бүгүн кызматынан кете турганын билдирди. Өлкөнүн салык системасын өзгөртүү боюнча анын сунушун кечээ күнү парламент колдобой койгон. Премьердин айтымында, ал өлкөнүн салык системасын Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүкүнө жакындатууга аракеттенген, парламент сунуштаган система болсо коррупцияны күчөтүшү мүмкүн. Тержичтин кызматтан кетишин өлкөнүн үчилтик президенттиги беките элек.

Дүйнөдөгү акыркы кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады.

XS
SM
MD
LG