Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Жалалабаддын журналисттери куттуктоолорду кабыл алышты


ЖАЛАЛАБАД. Журналисттерди облус, шаар бийликтери, мекеме, уюмдардын жана окуу жайлардын жетекчилери куттукташты. Алар жергиликтүү маалымат каражаттарынын мамлекеттик саясатты жана реформалардын жүрүшүн чагылдыруудагы эмгегин белгилешип, окуяларды калыс баяндоого чакырышты. «Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт» жана Сатыбалды Жээнбеков атындагы сыйлыктын жыйынтыгы чыгарылды. «Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт» сынагына түшкөн кырк эмгектин он жетисинин авторлору облустук бийлик жана кеңештин үч даражалуу баалуу белегине, Сатыбалды Жээнбеков атындагы сыйлыкка беш калемгер татыктуу болушту. Облуста катталган алтымыштан ашык маалымат каражатынын тең жарымы түрдүү себептер менен чыкпай, токтоп калышкан.

XS
SM
MD
LG