Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Коммунисттер митинг-реквием өткөрүшөт


БИШКЕК. 7-ноябрда Бишкекте Лениндин эстелиги орнотулган аянтта Улуу октябрь социалисттик революциясынын 87-жылдыгына арналган митинг-реквием болот. Ага Кыргызстан коммунисттик жана Кыргызстан коммунисттер партияларынын өкүлдөрү, шаар тургундары катышат. Митингден соң коммунисттер Эмен багындагы революция үчүн күрөшкөндөрдүн эстелигине гүлчамбарларын коюшат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан коммунисттик партиясынын 8 миң мүчөсү, ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын катарында 25 миңден ашуун мүчө бар деген маалымат айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG