Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Пакистандын президенти Ооганстандын коопсуздугун бекемдөөгө үндөдү


КАБУЛ. Бүгүн Кабулда президент Хамид Карзай менен сүйлөшкөн соң Пакистандын президенти Первез Мушарраф Ооганстанды коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Мушарраф - Хамид Карзай президент болуп шайлангандан бери өлкөгө келген биринчи чет элдик мамлекет башчы. Сүйлөшүүдөн кийин өткөн пресс-конференцияда Мушарраф Карзайды президент болуп шайланганы менен куттуктап, Ооганстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүшү бүткүл регион үчүн жагымдуу саясий окуя болгондугун билдирди. Мушаррафтын айтымында эки өлкөнүн келечеги терроризмге каршы күрөштүн ийгиликтүү болушунан көз каранды. Кабулга бир күндүк визит менен келген Мушарраф бүгүн мекенине кайтууда.

XS
SM
MD
LG