Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Арафаттын абалы жөнүндө карама-каршы кабарлар айтылууда


Палестин лидери Ясыр Арафаттын ден соолугу оор бойдон кала берүүдө. Бүгүн аскердик госпиталдын өкүлү Арафаттын абалы жума күндөн бери өзгөрбөгөнүн билдирди.

Палестин автономиясынын айрым өкүлдөрү Арафат эс-учу жок жатканын айтышкан. Палестин автономиясынын жооптуу өкүлү Заеб Эракат Арафат өлүм алдында жатат деген маалыматтарды төгүндөдү:

-Президент Арафаттын ден соолугу бир калыпта. Анын мээси жабыркаган жок, ички органдарынын баары соо, иштеп жатат. "Арафат өлүм оозунда жатат" деген сөз калп.

XS
SM
MD
LG