Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

АКШдагы ШАЙЛОО, АБХАЗИЯДАГЫ ТИРЕШҮҮ, КМШ "РЕФОРМАСЫ"


Муса Мураталиев, Москва Кеткен апта ичинде чыккан "мен гезитмин" дегендин баары Америка Кошмо Штаттарында президентти шайлоого кайрылышты. Басма сөз каражаттары негизинен АКШда президентти тандоо – демократиянын эсте калар фактысы болду деп баалашты.

“Российская газета” бейшембиде “АКШда 2-ноябрда өткөн президенттик шайлоо” деген ат менен көлөмдүү макала басты. Максим Макарычев менен Сергей Чиркин бир нече суроо коюп, ошого жооп издешкен. Маселен, "АКШдагы шайлоонун өтүшүнө ким көз салат?" деген суроого алар мындайча жооп айтат: "Америкада шайлоонун өтүшүн тескеген мамлекеттик уюм жок. Коомдук башталышта эки комиссия бар. Федералдык шайлоо комиссиясы - шайлоо өткөрүлгөндө ага чыгымдалчу каражат туура пайдаланып атабы, жокпу - ошого көз салат. Ал эми Шайлоону камсыз кылуу комиссиясы, болгону 2002-жылы пайда болгон - ал жаңы технологияны пайдалануучу чөйрөгө жооп берет."

Кошмо Штаттарда жетекчи тандоо системасы 216 жыл бою өзгөрүлбөй келет. Ошондон болсо керек, анын өтүшү - америкалыктар үчүн башка мамлекеттердеги жаңы жыл тосуу учурундагыдай эле майрамга айланат деп жазат кайсы бир газеталар. Мындай болжолду 2-ноябрда АКШнын Орусиядагы элчиси Александр Вершбоу да ырастады. Ал "шайлоо биздин демократиянын бардык баалуулуктарын майрамдоо үчүн жагымдуу шылтоо" деди.

Мурдагы СССР чегинде пайда болгон мамлекеттерде өткөн шайлоого байланыштуу макаланы айтпай коюуга болбос. “Абхазияда президентти шайлоонун жаңы мөөнөтү дайындалды” деген макалада дүйшөмбү күнү “Версия” Сергей Багапш менен Рауль Хаджимбанын кармашын талдоого алат. Эки талапкердин көөдөн көтөрүүсүнөн келип чыккан чоң чатак эмнеге алып келээрин “Московские новости” жума күнкү жарык көргөн санында “Бу Огайо эмес!” деген аталышта макала баскан.

""Бахапшистер" менен "хаджимбистердин" жаакташуусун басыш үчүн Кремль аларды Маскөөгө чакырып, жылуу-жумшак сүйлөшүү өткөргөн" деп жазат газета. Кызык жери, алар кайра Сухумиге барганда жарашмак турсун кайра мурдагысынан да катуу чамынып кармашка түшүшкөн. Ал тургай алар үйүнө аттанып жатып эки учакка олтуруп эки башка жол менен кеткенин автор белгилейт.

"Талапкерлер жүйөөлү кепти уккулары жок. Демек, тирешүү башталат. Куралдуу тирешүү болобу? Андай да болушу мүмкүн" деп жазган газета.

“Российские вести” бейшембиде Борборазияда өнөкөт алган авторитардык-тоталитардык режимдерди орнотуунун “саясий реформасы” тууралуу жазат. "Эми андай көрүнүш КМШнын калган өлкөлөрүнө жайылып баратат" дейт гезит. "“Грузияда роза ыңкылабы” пайда болгондо Шериктештикке кирген өлкөлөр жетекчилеринин бири мындай көрүнүштү КМШны ичинен бузуучу коркунуч катары баалады эле" деп жазган.

Андан ары Артем Улунян "Канткен менен эркиндикке чек коюу - түбү жүрүп режимдин өмүрүн кыска кылат. Азыр ошондой мамлекеттерде жашап аткан элдин көргөн күнү кайгылуу. Бийликтин кысымын башынан өткөрүп, жакырчылыкка белчесинен батып атышкан, ага кошумча саясий куугунтукту аябай жеп, ага уугуп болушкан Борбор Азия мамлекеттеринин эли буга мисал болушат", деп жазат.
XS
SM
MD
LG