«Рентонгрупп» компаниясынын аманатчылары жоготкон акчаларын кайтарып алуу максатында бир жылдан ашык убакыттан бери мындай нааразылык акцияларын үзгүлтүксүз өткөрүп келатышат. Компаниянын жетекчилиги аманатчыларды алдап, качып кеткендиги 2003-жылдын августунда билинген.
Демилгелүү топтун эсебине караганда жабыр тарткандардын саны 1,5 миңдей. Басымдуу бөлүгүн пенсия курагындагы адамдар түзөт. Аманатчылардын жоготкон каражаты 197 миллион сомго барабар. Бирок демилгелүү топтун мүчөсү Тамара Сесенко «Рентонгрупптун» жетекчилигинин чөнтөгүнө кеткен акчанын эсеби мындан алда канча көп болушу ыктымал дейт:
- Айрым мамлекеттик ишмерлердин аманат акчалары миллиондоп саналат. Алар ички иштер министрлигинин иликтөөлөрүндө бар. Ошол миллиондорду салгандар мындай нааразылык акцияларына чыгышпайт. Пенсиядагылардын эле тобу келишет.
Аманатчылар бул жолку акциясында бай өлкө катары санашкан АКШ, Швейцария жана Германия мамлекеттеринин элчиликтерине жардам сурап кайрылуу чечимине келгендигин айтышты:
- Кантип, эмне жардам берерин деле билбейбиз, - дейт Тамара Сесенко, - Жардамга чакырып атабыз, үнүнбүз жетеби-жетпейби, кандайдыр бир жылыш болобу, болбойбу - буга ишеним деле жок. Бирок үмүт кылып атабыз.
Аманатчылардын көпчүлүгү «Рентонгрупп» чатагына мамлекеттик кызматкерлердин тийешеси бар дешет. Маселен, Сакен Нурманбетовдун айтымында, ал мындан эки жарым жыл илгери каражатын салаарда компанияны ар тараптан иликтеп, тактап көргөн өкмөттүн кепилдиги бар экенине ынангандан кийин гана акчасын салган:
- Биз үстөгү жакшы экен деп угуп, Эдуард Пакка кирсек "коркпой эле сала бергиле" деди. Облигацияны баалуу кагаздар комиссиясы чыгарат дегенинен ошол жакка бардык, билели деп. Ал жерден айтышты "бул мамлекеттин кепилдигинде турган облигация, дивидент алган сайын 10% мамлекетке төлөп турасыңар, коркпой ала бергиле" дегенинен 7-8 киши акчабызды салганбыз. Эки жарым жылдай алып жүрдүк үстөгүн. Анан эле бир күнү күйүп кетти.
Бирок жоопкерчилиги чектелген бул ишкананын негиздөөчүсү, ички иштер министрлиги башкы күнөкөр катары атаган Эдуард Пак Кыргызстандан кетип калган.
Ал эми «Рентонгрупптун» башкы директору Азат Рысалиев өткөн жайда 12 жылга кесилип, «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга ылайык дароо бошотулган. Жагдайдын мындай өнүгүшүнө наразы болгон аманатчылар апелляциялык сотко кайрылууга ниет кылышууда. Өз таламдарын коргоочу ушул өңдүү аракеттер менен бирге аманатчылар айына бир-эки ирет нааразылык акциясын өткөрүп турушат:
- Мыйзамга каршы келбегидей өңүттө, ар кыл ыкмалар менен бийликке өзүбүз жөнүндө кабардар кылып, анан максатыбызга жетели деп атабыз - дейт аманатчы Олег Аранов.
Бирок жабырлангандар буга чейинки аракеттеринен майнап чыкпагандыгын, мындан кийинкиге деле ишеним азын айтышат.
Кыргыз өкмөтү болсо «Рентонгрупп» чатагына байланыштуу «бар» же «жок» деген кескин бүтүмүн чыгара элек. Мамлекет башчынын жардыгы менен былтыр түзүлгөн макулдашуу комиссиясынын мүчөлөрү алигиче бир пикирге келе албай жатышат.
Комиссияны буга чейин вице-премьер-министрлер Курманбек Осмонов, Кубанычбек Жумалиев, Уларбек Матеев башкарып келген. Учурда бул милдет Жоомарт Оторбаевге жүктөлгөндүгү айтылууда. Комиссиянын мурдагы мүчөсү, Жогорку кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев жакында сессияда бул чатактын күнөөкөрлөрүнүн бири катары Улуттук банкты атап, аны минтип негиздеген:
- Башкы уюштуруучу, кеңештин төрагасы Эдуард Пак Европа өнүгүү банкы аркылуу 2,3 миллион доллар кредит алган. Ал атайылап 7 ишкананы банкротко учуратып, «Рентонгруппту» түзгөн. Бул кишини териштирүүнүн ордуна Улуттук Банк ага дагы 35 миллион (сом) берген.