Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:09

Түштүк Осетияда барымтага алынган 40 адам бошотулду


Грузин бийликтери акыркы күндөрдө грузиндер менен осетиндер ортосунда болгон тирешүү учурунда эки тараптан барымтага алынган 40 адам
өз ара сүйлөшүүдөн кийин толук бошотулганын ырасташты.

Бул тууралуу Associated Press агенттиги Грузиянын Шида Картли районунун полициясынын акимине шилтеп кабарлады.

Шаршемби күнү осетиндер бир грузинди уурдашып, ага жооп кылып грузиндер да киши уурдашкан. Андан соң грузиндер кан жолду бууп салганда, осетиндер да ошондой кадамга барышкан. Бирок грузин улутундагы бир кишинин тагдыры дайынсыз калууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG