Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Улгайган адамдардын социалдык укуктарын коргоо маселеси талкууланды


ОШ. Ошто тегерек стол жыйыны өткөрүлдү. «Улгайган адамдардын укуктарынын корголушу - Эл аралык укуктун тизмегинде» деген аталыштагы төгөрөк үстөл жыйынына 20 га жакын өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып, улгайган адамдарды социалдык камсыздоонун абалына байланышкан бир катар курч маселелерди талкуулашты. «Эне назары» коомдук бирикмесинин төрайымы Өлмөскан Абдылдаева Ош облусу боюнча пенсия жашына келген 1200 дөн ашуун адам бюрократиялык тоскоолдуктардан улам, бир жылдан бери пенсияга өз убагында чыга албай жүрүшкөндүгүн, бул маселеге тиешелүү жетекчилер тарабынан көңүл бурулбай жаткандыгын билдирди. Төгөрөк үстөлдүн катышуучулары эл керектөөчү буюмдарга, тейлөө акысына болгон баалар күн санап өсүп, бирок өкмөт тарабынан чектелген пенсиянын көлөмү өзгөрбөгөн бойдон калып жаткандыгын айтышты. Жыйындын аягында бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү өкмөткө атайын кайрылуу жолдошуп, улгайган адамдардын социалдык коргоонун абалын жакшыртуу, пенсиянын көлөмүн көбөйтүү талаптарын коюшту. Кыргызстанда карылык боюнча берилүүчү пенсиянын орточо көлөмү 500-600, ал эми майыптыгы боюнча төлөнүүчү пенсиянын көлөмү 300-350 сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG