Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Бишкекте Иосиф Кобзондун концерти болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда РСФСРдин эл артисти Иосиф Кобзон Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү үчүн концерт берди. Бул иш-чара Кыргызстандагы Кант шаарында Орусиянын авиабазысынын ачылгандыгына бир жыл толгондугуна байланыштуу уюштурулду. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иосиф Кобзон бүгүн кечинде өлкөнүн вице-премьер-министри Токтобүбү Айтикеева менен жолугушат. Ушул эле күнү Иосиф Кобзон Москвага жол тартат. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG