Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Бишкекте донолордун конференциясы өтөт


БИШКЕК. 12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен донор өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты координациялоо маселелерине арналган регионалдык конференция өтөт. Жыйын Кыргызстандын башкы донорлорунун бири - Азия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулууда. Конференциянын ишине Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта Кору жана Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп жаткан донор уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Конференцияда Кыргызстанга эл аралык каржы уюмдарынын тарабынан берилген кредиттик жардамдар кандай пайдаланып жактандыгына байланыштуу маселелер талкууланат. Азия өнүктүрүү банкы эле Кыргызстанга 1994-жылдан бери 534 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам көрсөткөн. Кийинки жылы болсо, Кыргызстанда Азия өнүктүрүү банкынын демилгеси менен донолордун өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелери боюнча регионалдык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президент Аскар Акаев өткөн ишембиде Азия өнүктүрүү банкынын жетекчиси Тадао Чино менен болгон жолугушуусунда билдирген.

XS
SM
MD
LG