Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Палестин делегациясы Арафатты көргөнү Францияга барышат


Палестин өкмөтүнүн тышкы иштер министри Набил Сааттын билдиришинче, ал дагы эки киши менен Париждеги аскердик госпиталда жаткан палестин лидерине барып жолугат. Мунун алдында эле Арафаттын кеңсесинен анын жубайы каршы чыккандыктан, делегация барбай калды деп билдиришкен эле.

Ал-Жазэра сыналгысындагы маегинде Суха Арафат пландалган сапарды 75 жаштагы өлүм алдында жаткан күйөөсүнө каршы төңкөрүш аракети деп сыпаттаган:

- Бул - Арафаттын жаткан жеринен палестин элине чакырык. Бул - Палестинанын бардык чынчыл атуулдары үчүн маалымат. Төңкөрүшчүлөр тобу дүйшөмбү күнү Парижге Абу Аммар Ясер Арафатты тирүүлөй көмүш үчүн келатышат.

Палестин тышкы иштер министринин айтымында, ал, өкмөт башчысы Ахмед Кореи жана Палестин Боштондук кыймылынын баш катчысы Махмуд Аббад болуп Иордандан бүгүн жолго чыгышат да, Париждин сыртындагы Арафат жаткан ооруканага эртең барышмакчы. Арафатты госпиталга мындан 10 күн мурда кан оорусуна байланыштуу жаткырылган. Ал бир нече күндөн бери эс-учуна келе элек.

XS
SM
MD
LG