Көптөн бери күтүлгөн чабуул Ирактын премьер- министри Аяд Аллави уруксат берген соң кечээ башталды. Ага 10-15 миңдей америкалык, бир нече жүз ирактык жоокер тартылып жатат. Кабарларга караганда, алар шаардагы негизги оорукананы, Эвфрат дарыясындагы эки чоң көпүрөнү, темир жол бекетин ээлешкен.
Ирактагы америкалык аскерлердин командирлеринин бири генерал Жорж Кейстин айтымында, козголоңчулар тараптан катуу каршылык көргөзүлчүдөй, уруш бир нече күгө созулушу мүмкүн. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Пентагондогу басма сөз жыйында Фаллужадагы чабуулдан качуу мүмкүн болбогонун белгиледи:
- Эгер Иракта эркин жана тынч коом түзүлүш керек болсо, өлкөнүн бир бөлүгү киши өлтүргүчтөрдүн, террорчулардын, Саддам Хусейиндин режиминин калдыктарынын башкаруусунда кала албайт. Фаллужадагы кылмышкерлерди саясий чечимге ынандыруу үчүн баардыгы жасалды, бирок алар мунун ордуна зомбулукту тандап алышты.
Фаллужанын 300 миңдей тургунунун көпчүлүгү шаарды чыгып кеткен, АКШ армиясынын эсебинде, ал жерде 3 миңдей козголоңчу бар. Алардын басымдуу бөлүгү - иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал –Заркавинин жактоочулары.
Мунун аралыгында Рамади шаарында бомбаланган эки автоунаа жардырылды. Бутага америкалык аскерлер алынган. Ал эми башкаала Багдаддын борбордук бөлүгүндө оорукананын жанында болгон күчтүү жарылуудан кеминде үч адам каза тапты.