Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

ЖОРЖ БУШТУН КАЙРА ШАЙЛАНЫШЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАГА КАНДАЙ ТААСИР БЕРЕТ?


"Президент Жорж Буштун экинчи мөөнөткө Ак Үйдө калышы дүйнөлүк экономикага кандай таасир этет? Доллар алдыдагы төрт жылда кубатын жогото береби? Мунайдын баасы асман серпип өсүүсүн токтотпойбу?" Мындай суроолорго эксперттер эмне дешет?

Президент Жорж Буш келерки төрт жылда экономикада кандай саясат жүргүзөөрүн кенен айта элек. Ал өткөн төрт жылда ашыкча көбөйүп кеткен бюджеттин карызы эки эсеге кыскарат деп гана убада кылды.

Ага карабастан АКШнын 545 миллиард долларга тете карызы дагы өсөт деген кооптонуудан улам доллардын эларалык базардагы баасы күн санап арзандоодо.

Германиянын “Deutsche” банкынын Франкфурт шаарындагы изилдөө борборунун экономисти Стефан Шнейдердин айтымында, АКШ президентинин бюджеттик тартыштыкты кыскартам деген сөзү чындыкка коошпойт:

- Буш бюджеттин тартыштыгын жарымга кыскартам деп убада бергени менен, келерки бир-эки жылда жагдай жеңилдебейт. Эгерде экономиканын негиздерин алсак жана чыгымдарга, өзгөчө, терроризмге каршы согушка көңүл бурсак, бюджеттин тартыштыгын кыскартуу абдан татаал иш. Долларга болгон кысым токтобойт.

Шнейдердин сөзүнө караганда АКШнын экономикасы азыр дүйнөнүн башка бир катар чоң өлкөлөрүнө салыштырганда ылдам өсүп жаткандыктан, тышкы соода үчүн көпчүлүк өлкөлөр долларды кармап турууга дале мажбур. Доллар келечекте дагы кубатынан тайса, АКШдан товар сатып алуу арзандайт да, башка өлкөлөрдүн товар экспорттосу кымбаттайт.

-Азия өз товарларын Кошмо Штаттарга сатууга өтө кызыкдар. Ошон үчүн азыркы шартта Азиянын борбордук банктары улуттук акчанын долларга салыштырмалуу кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн долларды сатып алышын токтотпойт. Анткен менен долларга болгон кысым кала берери талашсыз.

Бонн шаарындагы Экономика жана коом институтунун экономисти Адриан Оттнад АКШнын бюджетиндеги тартыштык өтө коркунучтуу абалда деп эсептейт:

-Менин оюмча, Буштун администрациясы кыска мөөнөттө бюджеттик тартыштыкты кыскартпаса, өтө чоң капсалаңга туш келет. Себеби карыз азайтылбаса ал жакын арада финансы базарына олуттуу өзгөрүү алып келет. Мен АКШнын азыркы фискалдык саясаты туура деп ойлобойм, - дейт Стефан Шнейдер.

Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң ири мунай керектөөчү болгондуктан, өнөр жай үчүн маанилүү товарлардын баасына өлкөнүн экономикасы катуу таасир этет.

Бирок АКШ кара майды керектөөнү азайткан учурда да, анын баасы эларалык базарда төмөндөп кетпейт дешет талдоочулар. Оттнадтын боолгошунча:

-Болочокто мунайдын наркы дагы өсөөрү анык. Себеби анын кору азайууда. 2015-жылы мунай өндүрүү жогорку чегине жетип, андан кийин кыскара баштаары жалпыга маалым. Ошон үчүн келечекте мунайдын баасы дагы жогорулайт. Ага Кытай жана башка керектөөсүн чоңойткон өлкөлөр да өз салымын кошушу ыктымал.

Эксперттердин айтымында Буштун кайра шайлануусунун бир жакшы жагы - ал эркин соода саясатын өзгөртпөй калтырат. Буштун атаандашы, демократ Кэрри АКШда жумуш орундары кыскарып жатканын бетке кармап, соода саясатын өзгөртөм деп жаткан.

XS
SM
MD
LG