Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ЕВРОПАДА УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ АЗАЙУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Европа мамлекеттеринин калкы жыл өткөн сайын улгайып баратат. Ал эми бул мамлекеттерге жаш иммигранттар сырттан көп келип, жумуш орундары үчүн атаандаштык күчөгөн сайын, улгайгандардын абалы улам начарлоодо. Укук коргоо уюмдарынын айтымында, Батыш Европа өлкөлөрүндө ички мүмкүнчүлүктөр толугу менен пайдаланылбайт. Мисал үчүн Улуу Британияда жашы өтүп бараткан адамдар жумушка орношууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болот.

Адам укуктарын коргоо ишинде Улуу Британия жана кээ бир башка европалык мамлекеттерде акыркы мезгилде "улгайгандарды дискриминациялоо" деген түшүнүк да пайда болду жана алардын укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдар түзүлө баштады. Андай уюмдардын бири - "Улгайуу жөнүндө тынчсыздануу" деп аталган фонддун өкүлү София Хауэстин айтымында, улгайгандарды кемсинтүүгө өлкө мыйзамдары жол берүүдө:

-Улуу Британиядагы ишкана-мекемелердин улгайган адамды жашы менен байланыштуу жумуштан бошотууга укугу бар. Канча жашка чыкканда кызматкерлерди жумуштан кетире баштоо маселесин дагы мекеме жетекчилери өздөрү чече алат. Мындай көрүнүш кеңири колдонулгандыктан, өлкө экономикасына жыл сайын 55 миллиард доллар зыян тийет.

Британия өкмөтүнүн жумуш жана пенсиялар бөлүмүнүн өкүлү Кейт Коллинтайндын айтымында дагы акыркы мезгилде жынысы же расасына караганда, улгайганына байланыштуу кемсинтилген адамдардын саны өскөнүн байкаса болот:

-Улгайгандарды жумушка алуудан Британия мекемелери тартынгандыктан, өлкөнүн экономикалык өндүрүшүнө жана чогултулган салык өлчөмүнө бир топ зыян тийет. Андан тышкары, 2002-жылы өткөрүлгөн изилдөөлөргө ылайык, өлкөдөгү беш адамдын бири - ал жашы менен байланыштуу дискриминациялык аракеттерге дуушар болгонун айтат. Кеңири коомчулук адамдардын жынысы же расасы менен байланыштуу кемсинтилгени жөнүндө жакшы эле кабардар. Бирок улгайганына байланыштуу кемсинтилген адамдардын саны андан жогору болууда.

Мындай абал өлкөдө канчалык начар жана аны жакшыртуу мүмкүнбү деген маселе боюнча дагы эл арасында сурамжылоо өткөрүлгөн. София Хауэстин айтымында, абал оңолооруна эл көп ишенбейт:

-Биз 16 жаштан ашкан 850 адамды сурап көрдүк жана алардын 75 пайызынын айтымында, келерки беш жыл ичинде абал жакшы жакка өзгөрөөрүнө алар ишенбейт. Суралгандардын 30 пайызы болсо - абал мындан ары ого бетер начарлайт деп күтөт.

Андан тышкары, сурамжылоого катышкандардын отуз пайызынын пикиринде, мындан беш жыл мурдагыга салыштырганда азыркы абал бир кыйла начар.

Көпчүлүк европалык мамлекеттердин жашоо шарттары жыл өткөн сайын жакшырып, медициналык кызматтын сапаты дагы жогорулап бараткандыктан, калктын арасында улгайгандардын үлүшү улам өсүүдө жана мындай көрүнүш кеминде келерки 20 жылдын ичинде улана турганы бышык.

Ошондуктан, София Хауэстин пикиринде, өкмөт аны менен байланыштуу улгайгандарды жумуш менен камсыз кылып, аларды экономикага көбүрөөк тартканга аракеттенгени жакшы. Чындыгында болсо, көпчүлүк мекеме-ишканалар оңоюн качырып, жумушка мүмкүн болушунча жаштарды алууга аракеттенет. Анын жыйынтыгы катары коомдогу ар башка жаштагы эл арасындагы катнаш менен мекемелердин кызматкерлеринин арасындагы катнаш өтө айырмалангандыктан, бир топ социалдык маселелер чыгууда.

XS
SM
MD
LG