Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Депутаттар райондук соттун чечимин мыйзамсыз деп тапты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан депутат Арслан Малиев тууралуу граждандык тартипте козголгон сот ишинин материалдарын талкуулап, тогуз пункттан турган токтом кабыл алды.

Токтомдо Октябрь райондук сотунун депутат Арслан Малиев тууралуу кабыл алган чечими мыйзамсыз деп табылып, аны териштирүү Башкы прокуратурага тапшырылды.

Ленин райондук сотунун судьясы Таалай Саатов буга чейин депутат Арслан Малиев арнамысыма доо келтирди деп сотко берип, моралдык чыгым үчүн депутаттан 150 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Көп өтпөй райондук сот Таалай Саатовдун арызын канааттандырган чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG