Жон Эшкрофт менен Дональд Эванс - өткөн аптада Жорж Буш президентикке кайра шайлангандан кийин өкмөттүн кызматтан кетип жаткан алгачкы мүчөлөрү. Алар аталган кызматтарды 2001-жылдын январынан бери ээлеп келишкен. Ак үйдүн билдиргенине караганда, президент Буш Эшкрофт менен Эванстын отставкасын кабыл алды. Жорж Буштун президенттик экинчи мөөнөтү расмий түрдө келерки жылдын 20-январынан тарта башталат.