Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Фаллужада көчөмө-көчө уруштар уланууда


Америкалык жана ирактык аскерлер, соңку маалыматтарга караганда, шаардын борборуна жетишти. Бул жерде көчөмө-көчө уруштар уланууда. Козголоңчуларга каршы жүргүзүлүп жаткан операция бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Багдаддан Ирактагы америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Томас Метц билдирди:

- Биздин аскерлер майда куралдар жана гранатометтон ок чыгарып жаткан душмандын каршылыгын басууну улантууда. Козголоңчулардын тышкы коргоонуусу талкаланды, алар майда топторго бөлүнүп алып, каршылык көргөзүп жатат.

АКШ армиясынын билдиргенине караганда эки күндөн берки чабуулда кеминде 10 америкалык, 2 ирактык жокер курман болгон. Ал эми козголоңчулар менен калк ичиндеги чыгым тууралуу так маалымат жок. Генерал Томас Метц козголоңчуларга олуттуу сокку урулганын, эл арасындагы чыгым аз экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG