Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Ошто сарык оорусу күч алды


ОШ. Шаардык санэпидстанциянын башчысы Жанарбек Саитов маалымат жыйынын өткөрүп, анда сарык оорусу күч алганы менен ага каршы жакшы чара көрүлбөй жаткандыгы кооптуу экендигин билдирди. Шаар боюнча бүгүнкү күнгө карата сарык менен ооруган 1 миң 567 адам катталган. Бул сан өткөн жылдарга салыштырганда беш эсеге көптүк кылат. Оорулуулардын 70 пайызга жакынын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт.

Жергиликтүү эпидемиологдордун пикиринде, сарык оорусунун кеңири таркап жатышына көпчүлук коомдук жайлардагы санитардык шарттын начардыгы, калктын таза суу менен толук камсыз болбогондугу жана суу түтүктөрүнүн таза эместиги башкы себеп болууда. Шаардын башкы эпидемиологу Саитов сарык оорусунун алдын алуу иш-чарасына тартылган тийешелүү мамлекеттик кызматтар натыйжалуу иш алып бара албай жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG