Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Тышкы жардамды теске салуу зарыл


БИШКЕК. 11-12-ноябрь күндөрү Бишкекте тыштан келген жардамдарды координациялоо маселесине арналган регионалдык жолугушуу болот. Ага донор уюмдар менен Монголиянын, Борбор Азиядагы жана Кавказдагы мамлекеттердин өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын адистери катышат. Жолугушуунун башкы максаты - Париж клубунун эмдиги жылдын февраль айында боло турган экинчи форумуна чейин донор мамлекеттер менен уюмдардын жардамын координациялоо жана бири-бириникин кайталоосуна жол бербөө жолдорун аныктоо. Жолугушууну Азия өнүгүү банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгү Европа өнүгүү банкынын көмөгү менен уюштурууда.

XS
SM
MD
LG