Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:35

А. Акаевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсүн талап кылган митинг болот


БИШКЕК. 17-ноябрда Бишкекте мамлекет башчысы Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабы менен митинг өткөрүлөт. Митингди Турсунбек Акун, Нурлан Мотуев жетектеген «Элдик патриоттук» кыймылы уюштурууда. Аталган кыймылдын саясий кеңеши бүгүн митингди уюштуруунун себебин кабарлаган билдирүүнү массалык маалымат каражаттарына, саясий партия, бейөкмөт уюмдарга таратты.

Анда "Аскар Акаев өлкөнү жетектеп турганда Кыргызстанда эч убакта эркин шайлоо өткөрүлбөйт жана 2005-жылдагы парламенттик, президенттик шайлоолор да буга чейинки шайлоолордой эле мыйзам бузуулар менен коштолот, натыйжада, коңшулаш өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда деле Аскар Акаев жетектеген саясий топ жеңишке жетишет" деп айтылат.

«Ошондуктан, аткаруу бийлигинин адилет шайлоо өткөрөбүз дегенине ишенбей, элди көтөрүп Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө мажбурлоо зарыл» деп жазылган «Элдик патриоттук» кыймылдын билдирүүсүндө.

Мындай мазмундагы билдирүүгө аткаруу бийлик өкүлдөрү макул эмес. Аткаруу бийлигинин атын атагысы келбеген өкүлү мындай билдирүүнү шайлоонун алдында карапайым элдин арасында бүлүк салуу аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG