Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Аскар Акаевдин 60 жылдыгы бейрасмий түрдө белгиленди


БИШКЕК. 10-ноябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев 60 жашка толду. Буга байланыштуу бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин, Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон мамлекет башчысы Аскар Акаевдин дарегине куттуктоо телегарммалары келди.

Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдын кабарлоосуна караганда, Аскар Акаевдин туулган күнүнө карата 10-ноябрда Бишкекте кандайдыр бир ырасмий иш чаралар өткөрүлгөн жок. «Мамлекет башчы туулган күнүн Бишкекте өзүнүн үй-бүлөө мүчөлөрү жана жакын сааналаштары менен белгилөөдө» деп кошумчалады Абдил Сегизбаев.

XS
SM
MD
LG