ЛОНДОН. Бүгүн Америка долларынын наркы болуп көрбөгөндөй төмөн дэңгээлге түшүп, Еврошаркеттин орток акча бирдигине карата катнашы бир еврого-бир доллар 30 центти түздү. Мындан эки ай мурда бир евро бир доллар 20 цент болчу. Европанын Борбордук банкы доллардын арзандашы Европанын экономикасы үчүн өтө жагымсыз экенин билдирди.